Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Социалдык дистанция деген жок. Бишкектик айым санэпидкөзөмөлдүн алдындагы кезекти камерага тартып алган (видео)

Алдын ала маалымат боюнча чогулгандар - COVID-19га тест тапшырууну каалагандар

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алдында топтошкон эл турат. Vesti.kg сайтынын окурманы редакцияга жеринен тартып алган видеону жөнөткөн.

Ал кезекте турган жарандар социалдык дистанцияны сактабай жатышканын белгилеген. Чогулгандардын арасында ар кандай жаш балдар, карылар да бар. Алдын ала маалымат боюнча алар коронавирустук инфекцияга тест тапшырышууда.

Мындан сырткары, видеодон нааразы жарандардын санэпидкөзөмөлдүн имаратына кирүүгө аракет кылышканын угууга болот.

- Чогулган эл эмнеге киргизишпейт деп нааразы болуп жатышкан, - деп билдирди окурма. -40-50гө жакын киши. Ортолорунда дистанция деген жок, контролдогон киши жок.

Ал ортодо Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин бири бул боюнча маалыматы жок экенин Vesti.kg сайтына айтып, тактап, жооп берүү үчүн сыртка чыгарын убадалады.

- Кезек жөнүндө эч нерсе билбейт экем, - деп жооп берди ал. - Азыр көчөгө чыгайын. Алар коронавируска эмес, башка тест тапшырып жатышса керек

Эльдос Казыбеков
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх