Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блогер Афтандил Жоробековго каршы кылмыш иши токтотулду

«Алардын акчасы качандыр бир убакта түгөнөт, ал эми биздин Кыргызстандын жаркын келечегине болгон үмүтүбүз эч качан өчпөйт»

Bespredel.kg баракчасынын администратору Афтандил Жоробековго каршы кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу блогер бүгүн Фейсбук социалдык тармагында билдирген.

Ага аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылган

Жоробеков ага колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирип, СИЗОдо ага алгач кысым көрсөтүшүп, бирок, соцтармактарда элдер аны коргоп чыга башташкандан кийин ага болгон мамиле өзгөрө баштаганын белгилеген.

«Менин азыркы байлыгым - силердин ишенимиңер. Мен бул ишеним менен элди коркутуп, мени башкарам дегендерге каршы күрөшөм. «Алардын акчасы качандыр бир убакта түгөнөт, ал эми биздин Кыргызстандын жаркын келечегине болгон үмүтүбүз эч качан өчпөйт»», - деп жазган ал.

Эске салсак, Жоробеков 2019-жылдын 24-ноябрында кармалган. Кийинчерээк сот блогерди үй камагына бошоткон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх