Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыркы суткада өлкөдө 74 адамдан коронавирус аныкталды

Алардын ичинен 35и Ошто катталган

28-майга карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция дагы 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бишкекте - 21 учур, анын ичинен 10у Россиядан келген курсанттар, - деди ал. Ошондой эле Чүй облусунда -1, Ош шаарында - 35, Ош облусунда -4, Нарын облусунда -13.

Жалпысынан өлкө боюнча башынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 1594кө жетти.

Өткөн суткада Кыргызстанда 23 бейтап COVID-19ду жеңип, ооруканалардан үйлөрүнө чыгышты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх