Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Жаманкулов: Балдардын жайкы лагерлери дагы 1-июндан тарта иштей баштайт

Маданият министри ар бир лагерде антисептикалык каражат болушу керектигин билдирди

1-июндан тарта балдардын жайкы лагерлерди балдарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

- Жайкы лагерлер пансионаттар сыяктуу эле 1-июндан тарта иштей башташат, - деди Жаманкулов. - Бир жарым-эки метрлик аралыкты сакташ керек. Балдарды каттоодо же башка коомдук жайларда көп адамдын бир жерде чогулушуна жол бербегенге аракет кылуу зарыл.

Аткаминердин айтымында, балдар лагерлеринин ээлери санитайзер жана жеке коргонуу каражаттарын камсыздашы керек. Ар бир адамдан дене табы текшерилип турат.

Мындан сырткары, Жаманкулов турфирмалар дагы өз ишмердүүлүгүн жандандыра баштай алышарын белгиледи.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх