Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 4 июнда коронавирус дагы 28 адамдан аныкталды

Акыркы суткада ооруканалардан 27 бейтап айыгып чыкты

Акыркы суткада Кыргызстанда СOVID-19 дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ооруга жаңы чалдыккандардын ичинен: 15и Бишкекте, бирөө Нарын облусунда, Ош облусунда - 6, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда -1 жана Ысык-Көл облусунда бир адам.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус 1899 жолу катталды.

Бир сутка ичинде 27 бейтап айыгып чыкты:

Бишкекте – 24;
Ош облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2.

Өлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны - 1292.


Акыркы суткада медициналык кызматкерлердин арасынан COVID-19га чалдыккан 7 учур катталды: Бишкекте - 2, Ошто - 4, Нарын облусунда 1 адам.

Ошол эле маалда өткөн сутка ичинде 5 медициналык кызматкер айыгып, үйлөрүнө чыгышты.

Жалпысынан COVID-19ду 372 медициналык кызматкер жуктуруп, алардын 270и ооруну жеңе алышты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх