Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-июндан тарта Кыргызстанда ички авиакаттамдар иштеп баштайт. Кандай эрежелер киргизилди?

Жүргүнчүлөрдү узатып же тосуп баргандар убактылуу аэропорттун ичине киргизилбейт

Кыргызстанда эртең, 5-июндан тарта ички авиакаттамдар кайра ишке кирет.

Жарандык авиация мамлкеттик агенттигинин директору Курманбек Акышев «Манас», «Ош» жана «Ысык- Көл» аэропортту ишке киришүүгө даяр экенин брифингдин жүрүшүндө билдирди.

Авиакаттамдарды ата мекендик «Tez Jet» компаниясы жүргүзөрү белгиленди.

- Компания бир күндө бир каттам учуруп турары пландалууда, бирок, азырынча жумасына 4 авиакаттам гана ишке ашырылып турат, - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик штаб аэропорттогу жүргүнчүлөргө болгон талаптарды жарыялаган.

Эрежелерге ылайык, аэропортко көрсөтүлгөн күнгө алынган авиабилеттин кагазга чыгарылган же мобилдик түзүлүштөрдөгү электрондук версиясына ээ жүргүнчүлөр гана киргизилет.

Жүргүнчүлөрдү узатып же тосуп баргандар убактылуу аэропорттун ичине киргизилбейт.

Ошондой эле, жүргүнчүлөр жана багаждар дезинфекциялоочу туннелдер аркылуу, ошондой эле термометрлик көзөмөлдөн кийин киришет. Адамдардын дене табын текшерүү үчүн тепловизорлук камералар колдонулат.

Мындан сырткары, жарандар беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоого тийиш.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх