Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлери арыктарды пластик бөтөлкөлөрдөн тазалап чыгышты (фото)

Борбор калаанын көптөгөн аймактарындагы ирригациялык тармактагы таштандылардан улам сугарылбай калуу коркунучунда турат

«Бишкек жашыл чарба» МИнын кызматкерлери «Жал» микрорайонундагы арыктарды тазалашып, көптөгөн пластик бөтөлкөлөрдү табышты. Бул тууралуу социалдык тармакта мекеменин басма сөз катчысы Аида Айдаралиева маалымдады.

Курулуш компаниясы ирригациялык тармакты бетон блоктор менен жаап салганы белгиленди.

«Бетон блокторунун артын биздин кызматкерлер тазалап, ирригациялык тармактагы көптөгөн пластик бөтөлкөлөрдү табышты. Бул жерде пластик эмес, суу агышы керек эле. Шаардагы көп жерлерге ушул эле себеп менен суу жетпейт жатат», -деп жазган ал.

Айдаралиева жарандарга кайрылып, арыктарга таштанды ыргытпоону суранды. Мындай учурда тармак асфальттын алдында жана чоң жолдордун алдында тыгылып, ал жерлерди тазалоо кыйынга турат.

«Көптөгөн аймактар мындан улам сугарылбай калышы мүмкүн», - деген ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх