Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан 47 жаштагы аял көз жумду

Өлкө боюнча 9-июнга карата COVID-19 жуктурган агы 23 адам катталды

Кыргызстанда акыркы суткада СOVID-19 дагы 23 адамдан аныкталып, мындан сырткары, коронавирустук инфекция бир адамдын өмүрүн алды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына ылайык көз жумган бейтап Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан.

- Көз жумган аял 1973-жылкы болгон, ал гематология бөлүмүндө дарылануудан өтүп жаткан, башка өнөкөт оорулардан да жабыркап келген, - деди ал.

Жаңы катталган учурлардын ичинен 19у Бишкекте, Ош шаарында - 4, Ош облусунда -1, Нарын облусунда -13, Жалал-Абад облусунда -1 адам бар.

Ооруканалардан 38 бейтап айыгып чыккан.

Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2055ке жетти.

Коронавирустук инфекцияны жеңип чыккандардын саны 1483кө жетти.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх