Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бет каптарды тагуу боюнча жаңы сунуштарды айтты

Мындан ары бардык медициналык кызматкерлер бет кап тагынууга тийиш

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бет кап тагуу боюнча жаңы сунуштамаларды иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Анын айтымында, жаңы талаптарга ылайык, мындан ары бардык медициналык кызматкерлер (коронавируска чалдыккандар менен иштешеби-жокпу карабастан) бет кап тагынууга тийиш.

- Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык мамлекеттерге өз элдерин социалдык аралыкты камсыздоо мүмкүн болбогон жайларда, башкача айтканда, транспорттордо, дүкөндөрдө жана башка адамдар көп чогулган жерлерде бет кап тагынууга чакырууну сунуштайт, - деп маалымдады Артыкова. - Мындан сырткары, 60 жаштан ашкан адамдарга, ошондой эле башка оорулары барларга дагы бет капчан жүрүү сунушталат.

Ал адамдар бет каптарын оңдоп жатып ооруну жуктуруп алышы мүмкүн экенин белгиледи.

- Бет кап тагынган адам өзүн коопсуз сезиши мүмкүн, бирок, башка коопсуздук чараларын сактоо дагы маанилүү: колдорду таза жууп туруу, антисептикалык каражаттарды колдонуу, - деди ал. - Ошондой эле чүпүрөк бет каптар боюнча дагы жаңы маалыматтар бар. Калк пахтадан жана синтетикалык материалдан тигилген бет каптарды тагына алат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх