Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын мэриясы фотоаппарат жана башка техника үчүн жарым миллион сом коротмокчу

Муниципалитеттин басма сөз кызматы алардын техникасы абдан эскирип кеткенин айтууда

Ош шаарынын мэриясы жарым миллион сом коротуп, фотаппарат жана башка техника сатып алмакчы. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар расмий порталында жарыяланган.

Атап айтсак, түштүк калаанын Коомчулук менен байланыш башкармалыгы сатып алууну каалаган техникаларда төмөнкүлөр бар:

- прожектор - 4 миң сом,
- фотоаппарат - 250 миң сом,
- микрофон - 50 миң сом,
- дрон - 92 миң сом,
- объектив - 100 миң сом,
- рюкзак - 4 миң сом.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы эмне себептен мындай техникага муктаж болуп жатышканын Vesti.kg сайтына айтып берди. Алардын айтымында шаардык администрациянын техникасы абдан эскирип кеткен.

- Биз эң кымбат техникаларды тандаган жокпуз, бул базардагы орточо баалар, - деп белгилешти мэрияда. - Басма сөз кызматы фото жана видео тартуу үчүн эки фотоаапарат сатып алмакчы. Дрон жүздөгөн адамдардын катышуусунда өткөн ири иш-чараларды тартуу үчүн керек. Биздин техника абдан эске экенин белгилей кеткибиз келет. Акыркы жолу биз төрт жыл мурда фотоаппаратты алмаштырганбыз. Калган техника болсо такыр эле жаңыланган эмес.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх