Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Автоинспекторлор депутат терезелери караңгылатылган Каныбек Исаевдин автоунаасын токтотуп, кайра коё берип коюшкан (видео)

Милицияда жол сакчыларынын протокол түзүүгө убактылары болбогонун айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди жол кайгуул кызматынын инспекторлору мыйзамсыз караңгылатылган терезелери үчүн токтотушкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Fact.kg агенттигинин журналисттери тарткан видеодогу окуя үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда орун алганнин.

Сюжетте парламент мүчөсү инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, унаасын айдап кетип калганы баяндалган. Бирок, милиция мекемеси бул маалыматты Vesti.kg сайтына четке какты.

- Бул болжол менен 23:40та болгон, мобилдик топ келип түшкөн чакыруу боюнча бара жаткан жана тез арада көрсөтүлгөн дарек боюнча жетип барыш керек эле, - деп такташты алар. - Жолдон алар терезелери караңгылатылган унааны көрүшкөн. Милиция кызматкерлери унааны токтотуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, эскертүү беришкен. Протокол түзө алышмак эмес, анткени чакыруу боюнча шашып жатышкан. Убактылары жок болчу.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы учурда жеринде мыйзам бузуу боюнча чара көрбөгөн укук коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралып жатканын кошумчалашты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх