Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

+100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды

Акыркы суткада ооруканалардан 34 бейтап айыгып чыккан

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 100 адам катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

- 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция дагы 100 адамдан аныкталды, - деди Үсөнбаев. - Бишкекте -57, Чүй облусунда -11, Ошто -11, Ош облусунда -6, Ысык-Көл облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -1, Талас облусунда -3, Нарын облусунда - 9 адам.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 34 бейтап айыгып чыккан. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2472ге жетти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх