Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөн суткада коронавирустан эки кыргызстандык көз жумду

Эки маркум тең башка өнөкөт оорулар менен жабыркап келген

Кыргызстанда COVID-19 жуктурган дагы эки бейтаптын өлүмү катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтымында ооруканалардын биринде 75 жаштагы аял көз жумган.

- Улуттук фтизиатрия бөлүмүндө ал пневмониядан дарыланып жаткан, абалы начарлап, анализ коронавирустук инфекция бар экенин көрсөткөн, - деп белгиледи Үсөнбаев. Кыргыз-Түрк ооруканасына которулган, бирок, бардык аракеттерге карабай, кечээ түнү бейтап каза болуп калды.

Экинчи маркум - Сузак районунан. Андан кандын бузулушу аныкталган, дарылануу учурунда анализинен коронавирустук инфекция чыккан.

- Бул адам кан оорусунан жабыркап келген, дарылануу учурунда коронавирус жуктуруп алган, - деп тактады министрдин орун басары. - Бул анын онкологиялык оорусун өрчүтүп, тилекке каршы ал көз жумду.

Эске салсак, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталып, илдетке чалдыккан 100 адам катталган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх