Кореядан үч кыргызстандык мекенине алынып келинди
Мекендештер Сеулдан Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишип, андан кийин атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилишти
КРнын Тышкы иштер министрлиги казак тараптын жардамы менен Кыргызстандын 3 жаранын мекенине алып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Биздин жарандар казакстандык «Air Astana» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеулдан Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишип, ал жерден атайын транспорт аркылуу Бишкекке жеткирилишкен.
Бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартипте обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык байкоолор жүргүзүлөрү белгиленди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- +100! 16-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 пайда болгондон бери эң жогорку көрсөткүч катталды
- Бабановдун жоргосу Чолпон-Атадагы ат чабышта биринчи келди (видео)
- Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги онкоборбордун жанына ким таштандыны ыргытып салганын териштирет (видео)
- «Кыргызпочтасы» менен ЖКККБ айыппулдар жөнүндөгү билдирүүлөр дарегине «жетпей калышы» мүмкүн эмес дейт
- Ала-Тоо аянтындагы асфальтты чиймелеп кеткен «азамат» жазуусун өчүрүп, кечирим сураганга даяр