Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Netflix үчүн көк-бөрү туурасындагы тасма кандай тартылган? (фото)

Берүүнү тартуу үчүн Президенттин салттуу Кубогун Бишкекте эмес, Ысык-Көлдө тартышкан

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нурдин Султамбаев Фейсбуктагы баракчасында кыргыздардын улуттук көк бөрү оюну белгилүү Netflix компаниясынын эфирине кирип калганын айтып берген.

Анын айтымында тасманын съемкасы 2019-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн КРнын президентинин бубогу учурунда өткөн.

«Даярдык көрүп жаткан кез абдан татаал болду, сүйлөшүү жүргүзүп, макулдашууга эле жарым жылдан ашык убакыт кетти. Биринчи милдетибиз - президенттин кубогун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөрүү болчу. Бул турнир жылына Бишкекте өтөрүн бардыгыбыз жакшы билебиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун, Мамагенттиктин директору Канат Аманкуловдун, көк бөрү федерациясынын колдоосу менен биз оюндарды Ысык-Көлгө которо алдык», - деп айтып берген ал.

Султамбаев алар тасманын экранга чыгышын 10 ай күтүшкөнүн белгиледи.

Белгилүү болгондой, «Алыскы оюн» (Away Game) даректик берүүсүнүн бет ачары Netflix экранында үстүбүздөгү жылдын 26-июнуна пландалган.

«Дагы башка көп жагдайлар бар, алардын бардыгын айтып берүүгө убакыт көп керек. Башкысы мыкты оюнубузду, Кыргызстаныбыздын кооздугун, элибиздин меймандостугун көрсөтө алдык», - деп сөзүн жыйынтыган ал.

Султамбаев, ошондой эле тартуу тобунун мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип өткөн.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх