Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы кезектеги митинг өтөт

Акциянын катышуучулары укук коргоо органдары тынчтык жүрүшүн кайра үзгүлтүккө учуратышат деген пикирде

Бүгүн, 17-июнда саат 11:00дө Ала-Тоо аянтында аялдарга карата зомбулукка каршы кезектеги митинг өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына митингдин уюштуруучусу, сүрөтчү Адель Исмаилханова билдирди.

Анын айтымында тынчтык акциясын өткөрүүгө бир нече жагдай себеп болгон.

- Зомбулук - ар бирибиз чечүүгө аракет кылышыбыз керек болгон чоң көйгөй, - деди Исмаилханова. - Кечээ сот 8-мартта аялдардын маршын таратып салган милиция кызматкерлеринин аракеттерин мыйзамдуу деп таап койду. Мындан сырткары, “Бишкекпарк” соода борборунда 13 жаштагы кызды зордуктаган эркекти актап коюшту. Андан сырткары, кечээ жакында тартип сакчылары аялдардын укуктарын коргоо боюнча акцияга чыккан активисттердин плакаттарын айрып, кайра өткөзбөй коюшту - себептер мына ушулар болду, - дейт ал.

Ал укук коргоочулар кайрадан акцияны токтотууга аракет кылышары мүмкүн деп, адамдар өз жарандык көз караштарын көрсөтүп жатканында мыйзамсыз эч нерсе жок го, - деп баш чайкады.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх