Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда жашаган жарандык активист президент менен башкы прокурорго кайрылды (видео)

Райкан Маматалиева кайрылуусунда райондук прокурор мыйзамсыз аракеттерди жасоодо деген

Ош облусунда жашаган жарандык активист Райкан Маматалиева президент Сооронбай Жээнбековго жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, Ноокат районунун прокурору Калмамат Бекташовду жоопкерчиликке тартууну суранган.

Маматалиеванын айтымында сөз болгон Бектешов сотто аткаминерге карата адилетсиз өкүм чыгарууну талап кылганын Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Ноокат районундагы Уркуя Салиева атындагы парктын директору Бактыгүл Бердибекова 10 жылдан бери Россияда жашаган аялдын ордуна эмгек маяна алып жүргөн, - дейт ал. - Бул факты боюнча «коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Биринчи жана экинси инстанция ишти Ош шаарында жана Ош облусунда карап чыгышкан. Сот аны айып пулга жыгып, ээлеген кызматына шайкеш келерин карап чыгуу боюнча өкүм чыгарган. Жогорку сот ишти кайра карап чыгууга Ноокатка жиберип, ал жактан судья Жусупбаев ишти мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу деп жаап салган (01.08.2020). Бирок, мен кайра доо арыз жазып, мында прокурор Калмамат Бекташов соттон Бердибекованы 132 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирүүнү гана сурап койгон. Ал ачык эле аны коргоп жатты - ал дагы деле өз ордунда иштеп жатат.

Маматалиева, ошондой эле өлкө башчысы менен башкы прокурорго жолдогон видео кайрылуусу менен дагы бөлүшкөн.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх