Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

17-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 дагы 90 адамдан аныкталды

Акыркы суткада ооруканалардан 54 бейтап айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 90 адам аныкталды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

- Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 90 адамдан аныкталды, - деди Үсөнбаев. - Бишкекте -36, Ошто -7, Ош облусунда -6, Жалал-Абад облусунда -3, Баткен облусунда -3, Талас облусунда -6 учур.

Өткөн суткада ооруканалардан 54 бейтап айыгып чыкты. Жаңы катталган учурлардын ичинен 42си - мурда ооругандар менен байланышта болгондор, 12си - сырттан келгендер. 36 адам илдетти кайдан жуктуруп алганы белгисиз. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны - 2562.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх