Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Пакистандан 100 кыргызстандык мекенине учуп келди

КРнын жарандары Бишкекке пакистандык авиакомпаниянын чартердик учагы менен келишти

Бүгүн, 17-июнда КРнын 100 жараны Пакистандан мекенине «Pakistan International Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти. «Исламабад-Бишкек-Исламабад» каттамы боюнча чартердик учак Пакистан тарап менен биргеликте Пакистандагы Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандагы Пакистан жарандарын мекендерине жеткирүү үчүн уюштурулган.

Учурда бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга жаткырылып, тийиштүү медициналык жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

КРнын ТИМнин Маалымат департаменти
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх