Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта күйөөсү мойнуна дөңгөлөк илип кордогон аялга кайындары кысым көрсөтүүнү токтотушту

Аял Бишкектеги кризистик борборго келүүдөн баш тартты

Сузак районунда күйөөсүнүн кордугуна кабылган аял Бишкектеги кризистик борборго келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Аялдардын демократиялык тармагы» КФнун директору Гульжан Байбетова маалымдады.

Ал жабыркаган аял учурда туугандарыныкында экенин айтып берди.

- Күйөөсүнүн үстүнөн жазган арызын алгандан кийин кайындары ага кысым көрсөтпөй калышыптыр, - деди Байбетова. - Биз ага Бишкекке келип, кризистик борбордо жашап турууну сунуштаганбыз, бирок, ал баш тартты. Биз абалды көзөмөлдөп турууну улантабыз.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда желдей тарап жаткан видеону жарыялаган. Анда эркек киши аялынын мойнуна эки дөңгөлөк илип сабап жатканын көрүүгө болот.

Жалал-Абад облусунун ОИИББ эркек адамды Сузак районунун РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизген. Алгач иштин материалдары «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча ачылып, кийин «Кыйноого» которулган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат

Кийин аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну суранган. Бирок, Жалал-Абад облусунун ОИИББ сотко чейинки өндүрүш токтотулбасын Vesti.kg сайтына билдирген.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх