Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Корея, Япония жана Филиппинден 19 кыргызстандык мекенине кайтат

Алгач алар «Air Astana» казакстандык авиаокомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматыга келишип, ал жерден Бишкекке унаа менен алынып келишти

Бүгүн, 23-июнда КРнын Тышкы иштер министрлиги казак тараптын жардамы менен Кыргыз Республикасынын 19 жаранын ( Кореядан 4, Япониядан 6 жана Филиппинден 9) мекенине алып келди.

Биздин жарандар үзгүлтүксүз каттамдар менен Токио жана Манилден Сеулга келип, андан кийин «Air Astana» казакстандык авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишти. Алматыдан мекендештерди атайын унаа менен Бишкекке алып кетишкен.

Бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартипте обсервацияга алынып, тийиштүү медициналык жол-жоболор жүргүзүлөт.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх