Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл мусулмандар Сауд Аравиясына ажылыкка бара алышпайт

Араб өлкөсүндө учурда жүргөндөр гана хадж амалдарын аткара алышат

Бул жылы коронавирус пандемиясынын айынан мусулмандар Сауд Аравиясына ажылыкка бара алышпайт. Бул тууралуу Сауд Аравиясынын Хадж жана умра иштери боюнча министрлигине шилтеме кылуу менен «РИА Новости» маалымдады.

Белгиленгендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу мусулман календары боюнча 1441-жылкы (христиан жылнаамасы боюнча 2020-жыл) хадж учурда өлкөнүн аймагында жүргөн чектелген сандагы зыяратчылардын катышуусунда өтөт.

Мусулмандардын ыйык жерлери жайгашкан Меккенин аймагында коронавируска чалдыккандардын көптүгүнөн дагы деле эркин жүрүүгө болбойт.

Сауд Аравиясы араб мамлекеттеринин арасында коронавирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Өлкөдө 161 миңден ашык адам илдетке чалдыккан. Бир нече жумадан бери мамлекетте бир сутка ичинде ооруну жуктургандардын саны үч миңден азайбай жатат. Пандемиянын башынан бери 1307 адам көз жумуп, 105 миң бейтап ооруну жеңип чыгышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх