Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Кыргызстанда 207 адамдан COVID-19 аныкталды

Ош облус аралык ооруканасында дагы бир бейтап көз жумду

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 жуктурган жаңы 207 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

— Алардын ичинен Бишкекте - 92, Чүй облусунда -35, Ошто -43, Ош облусунда -28, Нарын облусунда -5, Жалал-Абад облусунда -1, Ысык-Көл облусунда -2, Талас облусунда -1 жаран бар, - деди ал. Ош облус аралык ооруканасында 1972-жылы туулган бир бейтап көз жумду. 28 адам айыгып чыкты. Ооруканаларда 624 бейтап дарыланууда, 42си оор абалда, 397 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх