Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандык Форрест Гамп» 5 күндөн бери Нарындан Бишкекке чуркап келатат

Спортчу мындай жол менен жаштардын спортко кызыгуусун арттырууну каалайт

Кыргызстандык спортчу Оболбек Осмонбеков жаштарга үлгү болуп, спортко кызыгууларын арттыруу үчүн Нарындан Бишкекке ультрамарафон менен чуркап келе жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына атлеттин тууганы Жаныбек Наматов бөлүштү.
- Оболбек спорт жакшы нерсе экенин көрсөтүү үчүн ушул марафондо чуркоону чечкен, - деди ал. - Биз 19-июнда Нарын облусундагы Талды-Суу айылынан баштаганбыз, бүгүн кудай буюрса түштөн кийин Бишкекке чуркап келебиз.

Наматовдун айтымында Оболбек Осмонбеков бир нече жылдан бери чуркоо менен машыгып, бир нече эл аралык марафондорго дагы катышкан.
- Бирок, Кыргызстанда мындай аралыкка биринчи чуркады, - деп белгиледи ал. - Ар кайсы шаарларда бизге башка спортчулар кошулуп, суу, тамак-аш алып келип жатышты.

Мындан сырткары, бизге өзүбүздүн туулган районубуздун акимиаты акчалай жардам көрсөттү. Бүгүн Ала-Тоо аянтында бизди спортчулар менен кайдыгер эмес жарандар тосуп алышат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх