Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч адам көз жумду. Илдеттен каза тапкандардын саны 50гө жетти

29-июнга карата СOVID-19 жуктурган жаңы 269 учур катталды

29-июнга карата Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган жаңы 269 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө маалымдады.
Бишкекте коронавирус бүгүн 138 адамдан аныкталган, Чүй облусунда -43, Ошто -23, Ош облусунда -6, Нарын облусунда -4, Жалал-Абад облусунда -26, Ысык-Көл облусунда - 16, Талас облусунда -9 жана Баткен облусунда 4 адамдан чыккан.

Жалпысынан башынан бери коронавирустук инфекция жуктурган 5017 учур катталды.

Үсөнбаев жаңы катталган учурлардын 9у гана сырттан келгендерден аныкталганы, калгандары бейтаптар менен байланышта болгондордон табылганын белгиледи.

Акыркы сутка ичинде ооруканалардан 52 бейтап айыгып чыкты:
Бишкекте – 6;
Чүй облусунда - 13;
Ошто - 21;
Ош облусунда – 3;
Баткен облусунда – 3;
Талас облусунда - 6.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан 2294 адам айыккан.

Сутка ичинде COVID-19 үч адамдын өмүрүн алды.

Республикалык клиникалык ооруканада 1964-жылы туулган аял көз жумган. Ош шаардык клиникалык ооруканасында 1953-жылы туулган эркек киши жана ОшГУ клиникасында 1959-жылы туулган эркек адам көз жумду.

COVID-19 жалпысынан 50 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх