Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы түнкү стационарларды ачат

«Стационарларда кезек кыйла азайды, шаардыктар акырындан айыга башташты», - деп билдирди шаардык мэрия

Бишкек мэриясы ар бир райондо түнкү стационарларды ачуунун үстүндө иштөөдө. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматында маалымдашты.
Санитардык бөлүктөр №7-кичи райондогу ДСК спорткомплексинин базасында (97 орун) жана ишкерлер тарабынан акысыз берилген “Консул” имаратынын ресторанында ачылмакчы.
Бишкек мэриясы күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын белгиледи: шаардыктар эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин медициналык кеңештерди, укол жана капельницаларды алышууда.
«Стационарларда кезек кыйла азайды, шаардыктар акырындан айыга башташты», - деп билдирди шаардык мэрия.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх