Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги эскертет: мекенге учуп кетчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия гана түзөт

Эгерде, Сиз көз боёмочулардын тузагына илинсеңиз, РФдагы КРнын ИИМнин өкүлчүлүгүнө кайрылыңыздар

Акыркы күндөрү жарандарды мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер орун ала баштаган. Кырдаалды колдонуу менен алдоо жолу аркылуу акча каражатын алышып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан түзүлгөн мекенине учуп кетүүчү жарандардын тизмесине киргизип жиберүүгө аракет кылышууда. Жогоруда көрсөтүлгөн окуялар биздин жарандар арасында нараазычылыктарды жаратып, мекенине жөнөтүү үчүн чартердик авиакаттамдын тизмесине жарандарды киргизүү боюнча Элчиликтин коррупциялык схемалары жөнүндө ар кандай пикирлерди социалдык тармактарда таратышууда.
Ошондуктан, укукка каршы аракеттерди эскертүү, аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдында жарандардын укукка каршы иш-аракеттери боюнча арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Аталган комиссияны жетектөө милдети Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү, милициянын полковниги Н. Жанбаевге жүктөлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери киргизилген.

2020-жылдын 12-июнь күнү Кыргыз Республикасынын РФдеги Өкүлчүлүгүнө үч жаран кайрылып, Кыргызстандын жараны 1993-жылы туулган М.С. ишенимге кирип, сый акы үчүн Элчилик уюштуруп жаткан чартердик авиа каттам менен мекенине учуп бара жатышкандардын тизмесине кошуп берем деп сөз берген. Ошол эле убакта ал Элчиликте анын таанышы бар экендигин айткан.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандарга алдамчылык иш-аракетинин натыйжасында 50 000 рубль суммасында материалдык чыгым келтирилген. Аталган фактылар 2020-жылдын 16-июнь күнү Россиянын ИИМдин Москва шаарын боюнча Башкы башкармалыгында катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинде (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, 2020-жылдын 26-июнь күнү комиссияга Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу тургунунан кайрылуу келип түшкөн. Анда Кыргызстандын тургуну 10 миң рубль үчүн анын ооруп жаткан тууганын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү боюнча өз кызматын сунуштап жаткандыгы айтылган.
Аталган кайрылуу тез арада Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнө коштолуп барып, каттоо менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өкүлчулугүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Ош облусунун Алай районунун тургуну, учурда РФдин жараны 1977-жылы туулган М.М. полициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты боюнча Росиия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык процессуалдык текшерүүлөр жүрүп жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан өз кызматтык ыйгарымдарынын чегинде укукка каршы аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иштерди жүргүзүп, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүктөрүнө коштоп барышууда.
Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мыйзамсыз иш-аракеттерди билишкен болсо, укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу менен күнөлүүлөрдү мыйзамдын бардык талаптары боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн жардам көрсөтүүгө чакырат
Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылса болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх