Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖРТ менен жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди

«Мындай чечим абитуриенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жергиликтүү окуу жайларга да колдоо болот»

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестрилөөнүн босого баллын белгиледи.

Бюджеттик негизде окууга тапшыргандар үчүн босого балл мурдагыдай эле негизги тест боюнча 110, ал эми предметтик тест боюнча 60 бойдон калды.
Контракттык негизде ЖРТ менен өтүүнү каалагандар үчүн босого балл 105 болду (медициналык жана фармацевттик адистиктерден башка).

«Мындай чечим Кыргызстандын Жогорку окуу жайлар ассоциациясына түшкөн кайрылуулардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирлеринин, ошондой эле ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен бирге кабыл алынды», - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Контракттык негизде билим алуу үчүн белгиленген 105 балл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз эсеби менен жогорку билим алууга мүмкүндүк берип, ошол эле маалда жергиликтүү вуздарга колдоо болот, деп белгилешет алар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх