Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көз жумган студент кыздын эжеси: Адинай өпкөсү таза болчу. Ал инфаркттан каза болду

Анын айтымында бийлик ыктыярчыларды кыздын өлүмүнө күнөөлөдө

Күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан учурда көз жумган ыктыярчы-студент Адинай Мурзабекованын эжеси аны эки тараптуу пневмониядан көз жумганын билдирген Саламаттыкты сактоо министрлигинин версиясын четке какты.

- Анда эч кандай пневмония жок болчу, - деди Элиза Vesti.kg сайтына берген маегинде. -Адинай нөөмөтүн өткөрүп, эс алганы кеткен экен. Кесиптештери аны эс учун жоготкон маалында табышканын айтышты. Дароо көгөрүп кетиптир. Инфаркт болгон үчүн көгөрүп кеткен. Ыктыярчылардын шокко каршы препараттары болбогондуктан, биринчи жардам көрсөтө албай калышкан. Алардын айтымында алар оор эмес бейтаптарды карагандыктан, аларга реанимациялык каражаттар менен аспаптар берилген эмес.

Ыктыярчылар анын айтымында кызды Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез жардамга алып барышкан.

- Ал жактан дарыгер-реаниматолог барбы деп сурашкан экен, бирок, андай дарыгер жок болуп чыгыптыр. - Ыктыярчылар өздөрү реанимациялык аракеттерди жасашарын айтып, керектүү аспаптарды сурашкан экен. Бирок, тез жардам кызматкерлери “андай кылууга уруксат жок” деп, тигилердин жалдыраганына карабай бербей коюшуптур, - деди Элиза.

Кайтыш болгон кыздын эжеси ыктыярчыларга кысым көрсөтүлө баштаганын белгиледи.

- Кечээ өкмөттүк аппараттан адамдар келишиптир, - дейт Элиза. Мен алардын сөздөрүн уккан жокмун. Бирок, алар Адинайда эки тараптуу пневмония аныкталганын айтышты. Анын өпкөсү таза болчу. Видео жүктөгөн кесиптеши да Адинайдын ден-соолугу чың болгонун айтып жатат. Адинайдын кесиптештерине кысым көрсөтүшүп, аларды күнөөлөшүүдө экен. Алар (бийлик - ред.) болгону өздөрүнө жоопкерчилик алгылары келген жок.

Адинай Мурзабекованын үй-бүлөсүнө моралдык кенемте төлөнүп берилген эмес.

Макала жарык көргөндөн кийин маркум кыздын жакындары телефон чалып, дарыгерлер жыйынтык диагноз бир айдан кийин гана белгилүү болорун билдиришкенин айтышты. Демек, Адинай пневмонияга чалдыкканбы же инфаркткабы - учурда так кесе айтууга мүмкүн эмес

Эске салсак, кечээ Discovery мейманканасындагы күндүзгү стационарда медайым катары ыктыярдуу иштеп жаткан Медициналык академиянын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекова көз жумганы белгилүү болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, кыз эки тараптуу пневмониядан кайтыш болгон.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх