Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядан Бишкекке Кыргызстандын 330 жараны кайтып келди

Алардын ичинде Түркиянын мамлекеттик клиникаларында эмгектенген жана ординатурадан өтүп жаткан 14 дарыгер бар

Түркиядан «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын учагы менен Бишкекке Кыргызстандын 330 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттамды Кыргызстандагы Түркия жарандарын жана Түркиядагы кыргызстандыктарды мекендерине алып жеткирүү максатында түрк тарап уюштарган.

Бишкекке келген жүргүнчүлөрдүн арасында Түркиянын мамлекеттик клиникаларында эмгектенген жана ординатурадан өтүп жаткан 14 дарыгер бар. Алардын учак билеттерин жана Кыргызстанда жашап турууларын кыргызстандык ишкерлер өз моюндарына алышкан.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх