Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1108гө көбөйдү

COVID-19 менен пневмония соңку суткада 44 адамдын өмүрүн алды

Акыркы суткада Кыргызстанда 1108 адамдан коронавирус менен пневмония аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

Бишкекте 324 адам илдетти жуктурган, Ошто - 112, Чүй облусунда -176, Ош облусунда -110, Талас облусунда -61, Нарын облусунда -35, Ысык-Көл облусунда -229, Жалал Абад облусунда -93, Баткен облусунда - 58 адам. Эпидемия башталгандан бери ооругандардын саны жалпысынан 29 миң 359га жетти.

Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан 44 адам көз жумдуЗ:

Бишкекте – 16;
Ошто – 3;
Чүй облусунда – 7;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда - 2;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда - 4;
Жалал-Абад облусунда – 7;
Баткен облусунда - 1.

984 адам коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Марттан бери 15 миң 851 бейтап коронавирусту жеңди.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх