Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курман айт качан болору белгилүү болду

Кыргызстанда курман айт расмий дем алыш күнү болуп эсептелет

Бул жылы Кыргызстанда курман айт 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. Өлкөдө курман айт расмий дем алыш күнү болуп эсептелет.

Эске салсак, буга чейин өкмөт чиркөө жана мечиттерге барган жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырган. Социалдык аралыкты сактап, бет капчан жүрүү зарыл.

Мындан сырткары, коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн кыргызстандыктарга массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Өлкө аймагында өзгөчө абал режими алына элек.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх