Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Обсервацияда иштөө жөнүндө: «Ыктыярчы болуп иштесем деп, бирок, корккондор көп»

Ыктыярчы карантиндик аймактагы кырдаал жана анда иштегендер кабылган сезимдер туурасында айтып берди

Санитар катары ыктыярчы болуп эмгектенген Айдар (аты өзгөртүлдү) обсервациядагы иши туурасында маек курду. Анын интервьюсу “Кыргызстандагы пробация” YouTube-каналына жүктөлгөн.

Жаш жигит карантиндик аймактагы өзүнүн иши, сезмдери жана ой-толгоолорун бөлүшкөн.
«Мен санитармын, - деген ал. - Бул жакка келгенге чейин өлкөдөгү абал канчалык оор болуп кеткенин билген эмесмин. Интернетте бул жөнүндө окуган башка, көзүң менен көргөн башка нерсе экен… Абалдын канчалык оор экенин жеткирүү кыйын. Санитарлар жетишпейт. Элдер күн сайын жазылышууда. Убакыт да тар. Мен бөлмөлөрдү тазалап, пол жууп, доктурларга колдон келишинче жардам берип жатам».

Илдетти Айдар, кудайга шүгүр, азырынча жуктуруп ала элек. Албетте, коркосуң дейт ал, бирок, жеке коргонуу каражаттары сактайт деген үмүтү чоң.
«Медиктердин 70 пайызынан ашыгы жаштар, - деп бөлүштү ыктыярчы. - Айрымдары жаңы эле жогорку окуу жайын аякташкан, башкалары студент. Алар өз жанын аябай элге жардам берип жатышат. Мындайды көрүп, сенде шыктануу, сыймыктануу пайда болуп, өзүм да жардам берсем дей баштайсың. Биздин медицинанын ушундай келечеги бар экенине мен абдан сыймыктанам».

Жаш ыктыярчы бул абал Кыргызстандын элининин биримдигин көрсөткөнүн айтты: жардам берип, суу, тамак-аш жеткизип келгендер көп.
«Ыктыярчы болуп иштөөнү каалап, бирок, коркуп жаткандар мындан көп деп ойлойм», - дейт ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх