Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19дан айыккандарга туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасоону сунуштайт

«Туура дем алуу көнүгүүлөрүнүн негизги максаты – дем алуу органдарынын булчуңдарын бекемдеп, өпкөнүн иштешин жөнгө салуу»

COVID-19: ООРУДАН АЙЫККАН СОҢ, ТУУРА ДЕМ АЛУУ КӨНҮГҮҮЛӨРҮ ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДАЙТ
Адамдын дем алуу органдарынын оорулары, анын ичинде пневмониянын тийгизген кесепеттеринен арылуунун бир жолу – дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу болуп саналат. Бул боюнча медициналык - консультативдик кызмат жана спорттук медицина борборунун жогорку даражалуу инструктору, Светлана Курбанова билдирди. Анын айтымында, оорудан кийин туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо – ден соолукту чыңдоого жардам берет.

Светлана Курбанова: “Туура дем алуу көнүгүүлөрүнүн негизги максаты – дем алуу органдарынын булчуңдарын бекемдөө, өпкөнүн туура иштешин жөнгө салуу жана адамдын иммунитетин көтөрүү болуп эсептелет”.

Светлана Курбанова дем алуу көнүгүүлөрү, адамдын демигүүсүн токтотоорун, өпкөдөгү туруп калган какырыкты чыгарып, жеңил дем алуусуна жардам берээрин кошумчалады.
Анын айтымында, көнүгүүлөрдү:
- желдетилген бөлмөдө,
- чапташпаган кийимде,
- тамактангандан 2 сааттан кийин,
- жай жана орто кыймылда күнүнө 3 жолу 10 мүнөттөн аткарган оң.

Көнүгүүлөрдөн кийин таза абага сейилдөөгө чыкса болоорун Светлана Курбанова айта кетти. Ал оорудан сакайган адам, алдыга эки кадам таштаганда демди ичине тартып, кийинки төрт кадам аттаган убакта, ичтеги демди чыгарган туура болот дейт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх