Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы аз камсыз болгон шаардыктарды көмүр менен камсыз кылууга 21 миллион сомдон ашык каражат бөлдү

Мындан сырткары, «Бишкек жашыл чарба» 733 үй-бүлөгө 1 миң 100 кубометр отун таратат

Бишкек мэриясында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатына 21, 5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Акчалай компенсациянын көлөмү 5 миң 700 сомду түзөт (бир үй-бүлөгө 1, 5 тонна көмүр эсебинде). Жалгыз жашаган пенсионерлер менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шаардыктарга көмүрдү жеткирип берүү да каралган: шаардын ичинде жашагандарга 500 сом, жаңы конуштарга жашагандарда -700 сом.

Көмүрдүн ордуна акчалай компенсация төлөп берүү 3 миң 401 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каралган.
«Биз бул төлөмдөрдү жүргүзө баштадык, - дешти мэриядан. - Августтун башына карата жергиликтүү бюджеттен 19 млн сом (88, 1 пайыз) бөлдүк, анын ичинен 1 миң 777 үй-бүлөгө 10 млн сомдук төлөмдөр берилди».

«Бишкек жашыл чарба» МИ тарабынан 733 үй-бүлөгө 1 100 м3 куб отун каралган. Райондор боюнча графиктин негизинде отун таратуу азыркы күндө башталды:
Свердлов району: 3 -10 август;
Биринчи май району: 10-17 август;
Ленин району: 17- 24 август;
Октябрь району: 24 -31 август.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх