Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл медициналык факультеттерге көбүрөөк бюджеттик орун бөлүндү

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлер боюнча чоң суроо-талапты эске алды

Саламаттык сактоо системасынын айрым адистиктер боюнча чоң суроо-талабын эске алуу менен, КР ССМнын буйругу менен КММ академиясында бюджеттик орундар бөлүндү:
«Дарылоо иши» - 210 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 60 (20 орунга көбөйгөн), «Педиатрия» - 40, «Медайымдык иш»- 10 орун.

Ош мамлекеттик универтитети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү: «Дарылоо иши» - 40 орун, «Медициналык – профилактикалык иши» - 20, «Педиатрия» - 15 орун.

Ординатура боюнча бюджеттик орундар:
«Эпидемиология» - 30 орун;
«Инфекциялык оорулар» - 22 орун;
«Микробиология» - 30 орун;
«Реаниматология» - 26 орун.

Ошондой эле, 2020-2021- окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:
«Пульмонология» - 35 орун;
«Тез медициналык жардам» - 12 орун;
«Клиникалык лабораториялык диагностика» - 20 орун.

Республикалык штаб
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх