Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карантин маалы кыргызстандыктардын 70 пайызына психикалык өзгөрүү алып келген жок

Олуттуу көйгөлөр жарандардын 0, 4 пайызында гана пайда болгон

“Коронавирус инфекциясына байланыштуу калкка медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн бир нече иш-чаралар каралган. Анын ичинде медкызматкерлердин дагы психикалык саламаттыгын сактоо боюнча иштер каралган. Мындан улам, жардам көрсөтө турган уюмдардын жана адистердин тизмеси жарыяланып, дистанттык түрдө жардам берилип жатат”, - деп билдирди Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов.
Анын айтымында, пандемия учурунда жашоо образынын, психикалык саламаттагынын өзгөрүшү жөнүндө маалымат тактоо үчүн 3000 ашуун респонденттер онлайн сурамжылоого катышкан.

Изилдөөгө катышкан респонденттердин 70%ында психикалык өзгөрүүлөр болгон эмес, 23%ы чоң эмес көйгөйлөрдү адистердин жардамы менен жеңсе болот дешкен, калктын 3%ы кесиптик жардамга муктаж болсо, 0,4% респондентте олуттуу маселелер бар болуп жана аларга сөзсүз атайын психикалык жардам керек экендиги белгиленди.

Аталган борбор тарабынан, карантин шартында психологиялык чыналууну басаңдатуу, тынчсыздануу жана ар кандай коркууларды азайтуу үчүн протокол иштелип чыккан.

“Орто эсеп менен жума сайын 300 гө жакын адам онлайн кеңеш алып жатат жана бир бейтапка 3 - 20 сеанска чейин өткөрүү зарыл. Кайрылгандардын көбүндө, көңүл чөгүү, психикалык чыңалуу, уйкунун бузулушу, коркуулар жана кооптуу бузулуулар байкалууда. Ушундай эле, жардамды аралыкта Өкмөт уюмдарынын жана менчик уюмдардын психолог адистери активдүү өткөрүп келүүдө", - деп кошумчалады У.Исмаилов.

Республикалык штаб
Фото республикалык штабдан алынды

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх