Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүнтөн баштап "Каркыра-авто жол " өткөрмө бекети ишин баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өтө алышат

Бүгүнтөн баштап мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Каркыра - автожол" өткөрүү пункту ишин баштады.

Каркыра -авто жол посту саат 08.00дөн 18.00гө чейин иштейт.

Өткөрмө пункттан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өтө алышат.

Карантиндик иш-чараларды жана Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга кетээр алдында казак тарап тарабынан киргизилген чектөөлөр менен таанышып чыгышы керектигин белгилей кетүү керек.

Эске салсак, "Каркыра-Авто жол" өткөрүү пункту электрондук визаларды жүргүзбөйт.
Каркыра - Автодорожный өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

2003-жылдын 25-декабрындагы "Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууга ылайык, "Каркыра - автожол" көп тараптуу автоунаа өткөрүү пункту болуп саналат.

2020-жылдан бери өткөрүү пункту жыл бою иштөөгө өттү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх