Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте антисанитардык шарттар үчүн коомдук тамактануучу жана акча алмаштыруучу жайларга айып салынды

Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат 

Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тазалык" МИнин кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу менен Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде стихиялык товар саткан соодагерлердин антисанитардык абалы тууралуу арыз түшкөн. Биз Биринчи май райондук администрациясына мыйзамсыз соодагерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Натыйжада уруксатсыз соода кылган 7 пункт алынып, ирээтке  келтирилди.

Дагы бир мыйзам бузуу "Оазис" тез тамактануучу жайында катталган. Алар таштандыларды атайын жакын жайгашкан челектерге таштаган эмес. Бузуучуларга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар” жөнүндө Кодексинин 1-бөлүгүнүн, 71-беренеси боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, "Талисман" акча алмаштыруу жайы, Кулмурзаева №291/1 дарегиндеги авто кызматы, Токомбаев көчөсү№52/1 дарегиндеги “Субару” кампасы өзүлөрүнө тиешелүү аймактагы тазалыкты сактаган эмес. Бул үчүн аларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча айып салынган. Айып жеке адамдар үчүн 3 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх