Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жер иштерин жүргүзүүдө көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары көп катталууда

Муниципалитеттин кызматкерлери бир нече курулуш компанияларына айып пул салышты

Жер казуу иштеринде эрежелерди бузуу учурлары көп каттала баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолдо булганган издер менен «Эмарк Групп» курулуш компаниясы тарабынан бузуу фактысы катталып, аларга 119-берененин 2-бөлүгү менен 17 миң сом айып салынды. Ал эми К.Карашов жана Б.Нааматбеков аттуу тургундар Темирчиков жана Бородин көчөлөрүндөгү жолду бузушкандыгына байланыштуу 119-берененин 1-бөлүгү менен 5500 сом айып төлөшөт.

Курулуш материалдарын жол тилкесинде жана ага чектеш аймакта чыгаргандыгы үчүн 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык "Мерибел Текстил Иншаат" курулуш компаниясына жана шаар тургуну А.Орозбаевага 7 миң 500сомдон 23 миң сомго чейин протокол түзүлдү. 

Бирок шаар эрежесин бузуучулар күнөөлөрүн мойнуна алышкан эмес, акыркы чечим административдик комиссияга өткөрүлүп берилди.

"Оптима Фарм", "Эмаком" компаниялары айланадагы тазалыкты сактаган эмес.  Бул үчүн аларга КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренесине ылайык 13 миң сом айып салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх