Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кумтөрдү" модернизациялоо: жакында эле ачылган кычкылданган рудаларын иштетүү боюнча долбоор түзүлдү

Мындан ары калдык сактоочу жай табиятка жана элге коркунуч жаратпайт

Убактылуу тышкы башкаруунун киргизилиши менен «Кумтөр Голд Компани» (КГК) өндүрүштү модернизациялоонун масштабдуу процесстерин баштады.

Компаниянын бардык бөлүмдөрү заманбап технологияларды ишке киргизишүүдө. Теңиз Бөлтүрүктүн демилгеси менен кенди өнүктүрүү боюнча жаңы стратегиясы колдо болгон ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга негизделген.

Теңиз Бөлтүрүк дээрлик 35 жылдан бери тоо-кен тармагында эмгектенет, дүйнөнүн 13 өлкөсүндө 18 эл аралык тоо-кен долбоорлорунда иштеген тажрыйбасы бар. 

Ал өзүнүн инновациялык билимин жана тажрыйбасын өз мекени Кыргызстандын өнүгүүсүнө жумшайт, Кумтөр кенин заманбап, жогорку класстагы жана адамдарга жана айлана-чөйрөгө коопсуз кылуу үчүн аракет кылат. 

Мисалы, ал жакында эле ачылган кычкылданган рудаларын иштетүү боюнча долбоорду ишке киргизди, анын бар экенин КГКнын мурунку жетекчилери да билишчү эмес. Мындай руда кендин ресурстарын бир топ жогорулатышы мүмкүн, азыр рудалык зонанын чектери аныкталууда.

Башка маанилүү долбоор бул калдыктарды сактоочу жайларды иштетип чыгуу.

Заманбап технологиялар бүгүнкү күндө кайра иштетилип чыккан рудадан калган алтынды алууга мүмкүндүк берет. Эң негизгиси, азыр калдык сактоочу жай табиятка жана элге коркунуч жаратпайт.

«Калдыктарды сактоочу жайдын 20 жылдык ишинде 100 тоннага жакын алтын топтолгон. Азыркы учурда бул руданы кайра иштетүү боюнча долбоор иштелип жатат», – дейт улук гидротехник Мелис Турдукеев.

Алтын ылгоо фабрикасында жаңылоо иштери толук кандуу жүрүүдө. Бул жерде өндүрүштү эффективдүү жана коопсуз кыла турган бир эле учурда бир нече ири жана маанилүү долбоорлор иш жүзүнө ашырылып жатат.

Тактап айтканда, бүгүнкү күндө эң заманбап жана так аныктоочу цианид анализаторлору заказ кылынып жакын арада келип калууда; алар коркунучтуу реагенттин колдонулушун ишенимдүү түрдө көзөмөлдөйт.

«Муну менен адам фактору жокко чыгарылат. Цианиддик анализаторлор автоматташтырылган режимде цианиддин чыгуу деңгээлин аныкташат жана так маалыматтарды операторго беришет», деп Алтын ылгоочу фабриканын менеджери Нурдин Усенов тушүндүрдү.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх