Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусундагы социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелерин беришти

Жергиликтүү прокуратура тарабынан жер тилкесине эч кандай документтери жок, уруксатсыз пайдаланып келгендиги аныкталды. Аталган жер тилкеси мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун прокуратурасы Кара-Суу айылында аянты 0,15 га болгон жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын тактады, анда айылдын тургундары эч кандай документтери жок эле аны уруксатсыз пайдаланып келишкендиги белгилүү болду.

Бул мыйзам бузуу боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, анын негизинде жер тилкеси аталган айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган. 

Ошондой эле, көзөмөл органы тарабынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана тоголок жетим балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап келтирилген.

Прокурордук талапты аткаруу үчүн 0,15 га жер тилкеси экиге бөлүнүп, аталган айылдын тургундары тоголок жетим Б.Т. уулуна 0,075 га., жана 1-группадагы майып Т.Ф.М.нын жеке менчигине 0,075 га. жер тилкеси өткөрүлүп берилип, аларга “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан жер тилкелерине болгон жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды чыгарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх