Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөн районунда жашы жете элек өспүрүмдү дээрлик бир айга жакын убакыттан бери убактылуу кармоочу жайда кармашууда

Убактылуу кармоочу жайдагы санитардык абал талапка жооп бербейт. Мекеменин ичи кир

20-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына атайын иш сапары менен барышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында УКМКнын өкүлдөрү шектүүлөрдүн кармоо шартында мыйзам бузууларды аныкташты.

Ошентип, эксперттердин айтымында, изолятордо төрт адам бар. Мыйзам боюнча ар бирине санитардык зонанын өлчөмү 3,25 чарчы метр болушу керек, бирок иш жүзүндө бир адамга 2,3 чарчы метр гана бөлүнгөн.

Мындан тышкары, жашы жете элек К. уулу Н. камерада 25 күндөн бери жатат, ал эми "Камакта кармоонун тартиби жана шарттары" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, камакта кармоо мөөнөтү 10 күндөн ашпоого тийиш.

Убактылуу кармоочу жайдын санитардык абалы талапка жооп бербейт. Мекеме кир. Эрежелерге ылайык, бети жылмакай болушу керектигине карабай, дубалдар талапка ылайык эмес шыбалган. Бөлмөлөрдө дезинфекция ушул жылдын 16-июнунан бери жүргүзүлгөн эмес.

Укук бузуу фактылары боюнча УКМКнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан акт түзүлүп, тиешелүү органдарга жооп берүү үчүн жөнөтүлөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх