Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тигүү калдыктары менен баняны жылыткан Бишкектин тургунуна айып салынды

Борбор калаада рейд учурунда 111 объект – мончо, сауна жана жеке үйлөр текшерилди

Бишкекте Санитардык-экологиялык инспекциясы акимчиликтер менен биргеликте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнүн алдын алуу максатында дем алыш күндөрү рейд өткөрдү.

Текшерүүдө 111 объект – мончо, сауна жана жеке үйлөр камтылган.

Жыйынтыгында тыю салынган буюмду өрттөө фактысы Таймырская көчөсүндө жашаган шаар тургуну М.Абдраимов тарабынан аныкталган. Мончонун ичин тигүү калдыктары менен жылыткан. Жеринде акт түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык жаза колдонуу жөнүндө протокол түзүлөт.

Калган бардык объектилерде катуу отун (көмүр) колдонулат, мыйзам бузуулар табылган жок.

Шаардыктар менен тыюу салынган буюмдарды өрттөп жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу жарандар! Тыюу салынган буюмдарды колдонбоону суранабыз. Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат.

Эгерде сиз ушундай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, санитардык-экологиялык инспекциянын номерлерине кайрылыңыз:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;

- Октябрь району боюнча: 0505523832;

- Биринчи Май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0554222213.

Бишкек шаарынын мэриясы

Фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/94438-bishkekchanina-oshtrafovali-za-to-chto-topil-banyu-shvejnymi-otkhodami.html - Бишкекчанина оштрафовали за то, что топил баню швейными отходами - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх