Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР үчүн дагы бир алтын! Ольга Мальцева каратэ-до боюнча Азия чемпиону болду (фото)

Кыргызстанга  дагы үч медаль кошулду

Каратэ-до боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Ольга Мальцева жаштар арасындагы Азия чемпионатында 68 килограммдан жогорку салмакта алтын тагынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн каратэчилер өлкө казынасын дагы үч медаль менен толукташты.

Ошентип, жаштар арасында байгелүү орундарды:

1-орун - Ольга Мальцева (68 кг жогору),
3-орун - Калыс Нурланбек уулу (67 кг чейин),
3-орун - Назим Нурланов (75 кг чейин).

Эскерте кетсек, 19-22-декабрь аралыгында Алматы шаарында каратэ-до боюнча кадеттер, өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүүдө.


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх