Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пакистандык студенттер: Кыргызстанда өзүбүздү коопсуз сезбейбиз

Чет элдиктер КРда тонолгон жана ур-токмокко алынган учурлар көп болгонун айтышкан

Пакистандан келген студенттер Кыргызстанда чет элдик студенттерди тоноп, уруп-сабоо фактылары көп катталып жатканын айтышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун Facebook социалдык тармагына жарыялашты.

«Кыргызстанда окуган студенттер бул өлкөдө өздөрүн коопсуз сезбей калышты. Кечээ жана бүгүн эки пакистандык студентти жергиликтүү тургундар тоноп, сабап кетишкен. Кыргыз өкмөтүнөн Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүнү суранабыз. Кыргызстанда окуган чет элдик студенттердин санын эске алуу менен милиция бөлүмүндө англис тилинен котормочу болушу керек», — деп айтылат кайрылууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх