Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өспүрүмдөр тууралуу "Акыркы сабак" сериалынын биринчи сериясы YouTube'га чыкты (видео)

Эпизоддор жума сайын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү обого чыгат

Режиссер Руслан Акун тарткан "Акыркы сабак" аттуу өспүрүмдөр тууралуу сериалынын биринчи сериясы "Байрак" тобунун YouTube каналына чыкты.

Белгилей кетсек, жаңы сериалдар ар жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү чыгат.

Кошумчалай кетсек, сериалды КТРК телеканалынан ишемби жана жекшемби күндөрү саат 22:05те да көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, "Акыркы сабак" тасмасынын расмий көрсөтүүсү 18-декабрда өткөн.

Маалымат үчүн

"Акыркы сабак" сериал мектеп окуучулары, алардын кыялдары, максаттары жана башынан өткөргөн окуялар тууралуу.

Сериал заманбап окуучулардын социалдык көйгөйлөрүн козгойт: мектеп рэкетчилиги, чоңдор менен болгон мамилеси, билими, оң жана терс үлгүлөрү.

Өспүрүмдөр чөйрөсүндө криминалдык субмаданияттын романтизациясы пайда болуп, анын натыйжасында мектеп рэкетчилиги пайда болот. Өспүрүмдөр менен иштөөнүн алгылыктуу үлгүлөрү, конструктивдүү мазмуну жоктугунан өлкөнүн жаштарынын потенциалы толук ачылбай жатат.
Картинанын жаратуучулары эмоционалдуу баян жана кызыктуу сюжеттин жардамы менен Кыргызстандын жаштарын билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандыргысы келет.

Канышай Балкыбекова

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх