Чүй облусунда 85 жаштагы карыя өз үйүндө күйүп кетти
Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат
Чүйдүн Таш-Дөбө айылында 85 жаштагы карыя өз үйүндө күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Куткаруучулар билдиргендей, үйдүн полу жана маркум жаткан керебет күйүп кеткен. Окуя болгон жерде бир өрт өчүрүү кызматы иштеген. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз