Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дагы бир нарко каналы жоюлду. Ички иштер министрлигинин БМЖККсы 20 килограммдан ашык баңги затын колго түшүрдү

Кармалган адам жүктү борборго жеткирүү үчүн ага «Бусу» аттуу жигит бергенин түшүндүргөн

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери сотко чейинки материалдардын өндүрүшүндө каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналын жок кылды.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек ш. Эркин-Тоо көчөсүндө И.М. жараны айдаган “Форд Фокус” автоунаасы токтотулган. Аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда жүк салуу бөлүмчөсүнүн ичинен кочкул-жашыл түстөгү, табигый өстүрүлгөн, кургатылган чөп сыяктуу кендирдин өзгөчө жыты бар, марихуана баңги каражатына окшогон зат салынган  полиэтилен баштык табылган.
Андан сырткары, автоунаанын ичинде  отурган Ж.Н. аттуу жүргүнчүгө тинтүү жүргүзүү учурунда жанындагы өздүк буюмдар салынган баштыкта сүйрү формадагы кочкул-жашыл түстөгү кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылган.
И.М. аттуу жарандын жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү жүргүзгөндө, үйүнүн жер төлөөсүндө синтетикалык каптын ичинде гашиш баңги каражатына окшош, табигый өстүрүлгөн, кендирдин өзгөчө жыты бар, ачык-күрөң түстөгү күкүм сымал заты салынган 8 (сегиз) полиэтилен баштык табылып алынган. Кармалган И.М. аттуу жарандын түшүндүрмөсү боюнча аталган жүктү ага Бишкек шаарына жеткирип берүүгө “Бусу” каймана аттуу киши берген.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында  Ж.М. аттуу жаран кармалган.
Алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 кг түзгөн, азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза даяйындалып, кармалган жарандар Бишкек ШИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.




ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх