Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муктаж болгон бишкектиктерге көмүр берилди

150 үй-бүлөгө 10 кап көмүр берилди

Бир күн мурун “Ас-Салам” гуманитардык фонду Бишкектин Биринчи Май районунун тургундарына колдоо көрсөткөн.

150 муктаж үй-бүлөгө ар бирине 10 каптан көмүр берилди. Көмүр таратууга район башчысы Жамалбек Ырсалиев да катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашкан. Жетишилген макулдашуулардын алкагында муктаж үй-бүлөлөрдү отун менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планынын дагы бир пункту аткарылды.

Ырсалиев Фонд тарабынан кайрымдуулук жана гуманитардык долбоорлорго туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, фонддун президенти Бакыт Сарыбай уулуна, менеджер Шариф Аль Аюбиге Ардак грамоталарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх